• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Москва: Кырсыкта жабыркаган келиндин иши тергөөгө өттү

21 Бештин айы 2017 9:07 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 21.12.17.Govori.TV

41 жаштагы Гүлбарчын Дооранова жараат алган автокырсык бюнча текшерүүлөр тергөөгө өткөрүлүп берилгенин Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги 20-декабрда маалымдады. Анда айтылгандай, ИИМдин Москвадагы өкүлү Раим Салимов 14-декабрда Москва ички иштер башкармалыгынын жол коопсуздугуна көзөмөл кылуучу бир катар жетекчилери менен жолугушкан. Жолугушууда алар кыргызстандык жаран жабыркаган автокырсык боюнча чогулган материалдар тергөөгө өткөрүлүп берилгенин ырастаган.

Орусиянын Кылмыш-процессуалдык кодекси боюнча, ишти кароонун мөөнөтү 29-декабрга чейин созулат, андан кийин чыгарылган жыйынтыкка карай кылмыш иши козголушу ыктымал.

Элчиликтин маалыматы боюнча, ИИМдин Москвадагы өкүлү окуя боюнча текшерүү материалдарын кароонун жыйынтыгы тууралуу маалымат берүүсүн орусиялык кесиптештеринен өтүнгөн. Бул маселе элчиликтин көзөмөлүндө болот деп бекемделүүдө.

Гүлбарчын Дооранованы 27-ноябрда түнкү ондор чамасында Вернадский көчөсүндө белгисиз айдоочу сүзүп кеткен. Өпкө-жүрөгү кагылып, ээги, жамбашы жана кабыргалары сынган, бел омурткасына доо кеткен келиндин жакындары бул иш боюнча полицияга кайрылганын, бирок алар чара көрбөй жатканын айтып, нааразылык билдиришкен.

Азаттык

Количество просмотров: 2