КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Москва шаарында миграция жана жарандарга мыйзамдуу ишке орношууга жардам берүү боюнча өкүлчүлүгү ачылды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.
Маалыматка ылайык, аталган өкүлчүлүктө кыргызстандыктар Россияда жумуш берүүчүлөрдү издөө, ишке орноштуруу, тандоо жана байланыш түзүүдө, жарандарды ишке орноштуруу боюнча келишимдерди түзүүдө жардам ала алышат.
Мындан тышкары, ал жерден эмгек миграциясы, РФнын миграциялык жана эмгек мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрү боюнча кеңеш алууга болот.
Кызматкерлер мекендештердин коомдук уюмдарына көмөк көрсөтүшөт жана өкүлчүлүккө Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин төмөнкү функциялары берилген:
Эмгек министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн дареги: Москва ш., Малая Полянка көч., 7 курулуш 5 (метро Октябрьская (400 м.) метро Полянка (300 м.)