• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Москвада көпүрө кулап, 49 кыргызстандык жаракат алды

28 Аяк оона 2020 9:26 Бишкек Govori.TV

Премьер-министр Кубатбек Боронов Россия Федерациясындагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Аликбек Жекшенкулов менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Москва облусунун (РФ) Ступин районундагы «ФМ Сидорово» аттуу логистикалык ишканада жөө жүргүнчүлөр көпүрөсү кулап, анын кесепетинен жаракат алган кыргыздарга жардам берүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди. 

Өкмөт башчы элчи Алибек Жекшенкуловго кырсыктын кесепетинен жабыр тарткан мекендештерге медициналык жардам көрсөтүү, аларды ооруканаларга жайгаштырууну тапшырды. 

Ошондой эле жаракат алган мекендештердин дарылануусун Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси жеке көзөмөлүнө алышы керектигин белгиледи.

Муну менен катар  кырсыктын келип чыгуу себебин иликтенген Россия Федерациясынын укук коргоо органдарынан маалыматтарды байма-бай алып туруу жана алар  менен биргеликте иш жүргүзүү тапшырмасын берди. 

Эске салсак, Орусиянын Москва облусундагы ишканада жөө адамдар өтүүчү көпүрө кулап түшүп, анын кесепетинен кыргызстандыктар жабыркаган. Окуя 27-сентябрь күнү эрте менен “ФМ Лоджистик Сидорово” ишканасында болгон. Кампадагы узундугу 35, бийиктиги 4 метрдик темирден жасалган жөө өтүүчү өтмөк кулап түшкөн. Анын кесепетинен 49 кыргызстандык жаракат алганы айтылды.

Количество просмотров: 199