• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Москвада карантиндик чектөөлөр алынат

9 Кулжа 2020 12:14 Бишкек Govori.TV

Москва шаарында коронавируска байланыштуу киргизилген карантиндик чектөөлөр алынат. Бул тууралуу калаа башчысы Сергей Собянин билдирди.

Анын айтымында, бирок жарандар мурдагы жашоо образына бир жылдан кийин кайтып, беткап кийүү режими февраль айына чейин созулушу мүмкүн.

«Открытые медиа» басылмасы өз булактарына таянып, Собянин чектөөлөрдү президенттик администрациядагы аткаминерлердин өтүнүчү менен алганын билдирди.

Москвада «обочолонуу» деп аталган карантин марттын аягында киргизилген. Ага ылайык, тургундарга негиздүү себептер менен гана көчөгө чыгууга уруксат берилген. Автоунаа менен жүрүү үчүн электрондук өткөрмө талап кылынган. 21-майдан тартып жарандардын шаардагы коомдук жайларда беткап жана колкап кийип жүрүүсү милдеттүү болуп калган.

Бүгүнкү күндө Москвада күнүнө коронавирус жуктуруп алган эки миңден кем эмес адам аныкталууда. Эпидемиянын туу чокусунда бул көрсөткүч 4-5 миңге жетип турган.

Количество просмотров: 214