• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Москвада кыргыз жараны зордуктоого шектелүүдө

27 Аяк оона 20189:05 Бишкек Govori.TV
Бишкек.27.09.2018.Govori.TV.
Москванын түндүгүндө зордуктоого шектүү жаран окуя болгон жерге паспортун түшүрүп алган. Бул тууралуу Орусиялык ЖМК жазып чыкты.
Маалыматка караганда, кылмыш иши «Петровско-Разумовская» метро станциясынан алыс эмес жерде болгон. 27 жаштагы аял жумуштан келе жатканда ага белгисиз эркек киши жер астынан өтүүчү өткөлгө чейин узатып коюуну сунуштаган.
«Темир жолдордун ортосунда кылмышкер аялды зордуктап, телефонун, алтын буюмдарын алып качып кеткен», —деп жазылат маалыматта.
Окуя болгон жерде полиция кыргызстандык жаранга тиешелүү паспортту таап алды. Учурда ага издөө жарыяланды.
Количество просмотров: 54