• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Москвада кардардын капчыгын кайтарып берген кыргызстандык таксистке жумуш сунушталды

20 Жетинин айы 201813:02 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 20.11.2018. Govori.TV.
Москвада жүргүнчү ташып иштеген кыргызстандык Кайрат Тентимишевго жумуш сунушталды. Бул тууралуу россиялык ЖМК маалымдайт.
Кайрат Тентимишев аэропорттон олтуруп, үйүнө жеткенде капчыгын таксиде калтырып кеткен кардарын сегиз саат күтүп, кайтарып берген. Ал тууралуу кардары Варя Борцова Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты. Бирок, Варя таксисттин аты-жөнүн сурабай, телефон номурун албай калганын айткан.
Москвадагы такси түйүнү «Ситимобил» Кайрат Тентимишевго жумушка чакырып, ууна берип, бир айга комиссиядан бошотууну убадалайт.
Количество просмотров: 54