• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Москвада жөө жүрүүчүлөрдү сүзүп кеткен Чыңгыз Анарбек уулу абактан бошотуду

12 Тогуздун айы 20189:18 Бишкек Govori.TV
Бишкек.12.10.2018.Govori.TV.
Москвада жөө жүрүүчүлөрдү сүзүп кеткен Чыңгыз Анарбек уулу абактан бошотулду. Мындай чечимди кече Москва шаарындагы Тверск райондук соту кабыл алганын орусиялык маалымат булактары жазып чыкты.
Соттун чечимине ылайык, Чыңгыз Анарбек уулу 1 жыл 6 айга кара жумушка тартылып, айлык маянасынын 15 пайызы кармалып калат. Ошондой эле ал 3 жылга чейин унаа айдоо укугунан ажыратылган.
Эске чсалсак, Чыңгыз Анарбек уулу 16-июнь күнү Москванын борбордук көчөлөрүнүн биринде мексикалык футбол күйөрмандарын сүзүп кеткен. Кырсыктан 8 киши жарадар болгон. Кыргызстандык айдоочу полиция кызматкерлерине сурак берип жатканда күнү-түнү иштеп уктабагандыктан жолдо уктап кеткенин айткан.
Аталган окуяга байланыштуу кылмыш иши козголуп,  Анарбек уулу тергөө абагына камакка алынган болчу.

 

Количество просмотров: 54