• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Москвадагы кыргыздын үч эм кызына жардам керек (видео)

2 Теке 2018 1:08 Бишкек Govori.TV
Бишкек.02.07.2018.Govori.TV.
Фейсбук колдонуучусу Заир Бек баракчасы аркылуу Москвада төрөлгөн үч эгиз кызга жардам сурап жазган.
Ассаламу алейкум Москва шаарында жашап жана эмгектенип жаткан менин мекендештерим, журтташтарым, досторум, төгөрөктүн төрт бурчунда жүргөн менин боордошторум, баарыңарга СҮЙҮНЧҮ! Мен бул кубанычтуу кабарды өзүмдүн кубанычымдай көрүп, баарыңыздар менен тең бөлүшүп, сиздерге сүйүнчүлөгүм келди.
Үстүбүздөгү жылдын 2–июнунда Москва шаарында, Аллах Тааланын кудурети менен, берешендиги менен кыргыз калкынын санын көбөйтүп, үч эгиз кыз төрөлүп, жарык дүйнөгө келишкен. Бул кубаныч жалпы кыргыз журтчулугунун кубанычы деп билем.
Аттары Өмүркан кызы Амина, Өмүркан кызы Аделя, Өмүркан кызы Арина. Төрөт үйүнөн 21-июнь күнү чыгарылган.
Жубайлардын ортосунда нике күбөлүгү (ЗАГС) болбогонуна байланыштуу кыздар энесинин фамилиясына жазылган. (Мать одиночка)
Эненин жана эгиздердин абалы, ден соолуктары жакшы.
Аллахым ушундай эгиз кыздарды, эгиз уулдарды баарыбызга насип этсин. Деги эле перзенттүү болууну эңсеп жүргөн бир туугандарыбызга көп перзент берсин Жараткан.
Анан да айта кетчүү нерсе атасы Кайрат, энеси Азима экөө тең убактылуу эч бир жерде иштебегенине байланыштуу, бул жаш үй-бүлөөнү куттуктап, үч эгиз кыздарга жардам болсун деген таризде, жакшы изги тилек менен сүйүнчү катары Кыргыз Элчилигинен, мекендештерибизден, кыргыз атуулдарынан материлдык жактан колдоо көрсөтүп, жардам берүүнү сунуштагым келди. Кимде ким соопчулук кылам, жаш үй бүлөөнүн кубанычын тең бөлүшүп, жардам берем дегендер болсо төмөнкү картанын номерине колуңуздардан чыккан каражатыңыздарды которсоңуздар болот. ЭСКЕРТҮҮ: Эч кимди зордомой жок!
БЕРГЕН КОЛ АЛГАН КОЛДОН ЖАКШЫРААК
Сбер.онлайн
6390 0238 9064 778087
Заирбек Эрнусович. С
БАЙЛАНЫ ТЕЛ: +79268881231
ВАТСАП ТЕЛ: +79661705857
Кудайым берип турса сураганын.
Кубанбай кантип анан тура аламын?
Калкымда адам саны арбып турса,
Карегим жарылчуудай кубанамын.
Уулуң да кызың дагы уламанын,
Учугун улап турса кубанамын.
Улутум көбөйсө экен „кыргыз” деген,
Улутум жоголбосун суранарым.
Заирбек Сайдимаматов
30.06.2018. Москва.

https://www.facebook.com/100015199664416/videos/423660848150567/

Количество просмотров: 40