Россиянын Москва шаарынан Бишкекке чартердик каттам менен 402 учуп келе жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги кабарлайт.
Маалыматка ылайык, өлкөгө жөнөтүлгөндөрдүн арасында бейтаптар, майыптар бар.
«Чартердик рейс менен учуп кеткен мекендештердин ичинен 123ү онкологиялык, бөйрөк, жүрөк оорусу бар бейтаптар, сегизи майып. Мындан сырткары, 34 улгайган адам, 94 кош бойлуу аял, 77 жашы жете элек балдар жана алардын ата-энеси, хостелде жашап жаткан 49 жаран мекенге кетишти. Бардык бейтаптардын тийиштүү документтери болгон», — деп айтылат маалыматта.
Элчилик чартердик каттам менен кетүү үчүн кезекте дагы 1000ден ашык киши турганын, арасында кош бойлуулар, өнөкөт ооруга кабылган бейтаптар бар экенин баса белгилеп, алардан бир аз чыдап, күтө турууну өтүнгөн.