Бүгүн, 2-августта «Манас» эл аралык аэрпортуна Москва—Бишкек багытындагы чартердик каттам менен 423 жараны кайтып келди, алардын ичинде 41 жаш бала бар.
Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, учакта орундуктардын саны чектелүү жана Кыргызстанга кайтууну каалаган жарандар көп болгондуктан аталган каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси атайын комиссия тарабынан түзүлгөн.
«Кыргызстанга Россиядагы жогорку окуу жайларда окуган студенттер, төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле мекенине чукул түрдө кайтышы керек болгон жарандар келишти», — деп айтылат маалыматта.