• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Муфтий кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады

24 Бугу 2020 10:26 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев жалпы кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Урматтуу мекендештер, кымбаттуу мусулман бир туугандар жана эже карындаштар!

Улуу Орозо айт майрамы менен сиздерди чын жүрөктөн куттуктайм. Эзелтен эле бул майрам тынчтык, биримдик, боорукердик жана өз ара колдоо көрсөтүү сымал адамдык баалуулуктарды бекемдеген мусулмандардын чоң майрамы.

Бул жылы Улуу Рамазан айы дүйнөнү анын ичинде Кыргызстандын аймагында COVID-19 инфекциясы жайылып, баарыбызды бушайманга салды. Бул ооруну алдын алып, илдеттин мындан ары жайылып кетпөөсүнө жол бербөө максатында жана элибиздин салматтыгы, коопсуздугу үчүн мечиттерибиз жабылууга аргасыз болду. Жума намазы, орозо айт намаздары окулбай калды. Мындай кадамга биз гана эмес дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү барышты. Бул дагы Жараткан Алла Тааламдын бизге берген сыноосу. Башыбызга келген бул сыноону биздин мекендештерибиз, кайрымдуу инсандарыбыз кол куушуруп карап турган жок. Кайрымдуу инсандарыбыз көбөйүп, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө кол сунуп, соопчулуктун үлгүсүн көрсөтө алышты. Мечиттерибиз жабылганына карабастан элибиз карантиндин эрежелерин, талаптарын, санитардык нормаларын так сактап, бири-бирибизди түшүнүү менен кабыл алышып, үйлөрдө ибадатын кылып, сабырдуулук менен 30 күндүк орозону кармап келдиңиздер. Кудайым буюрса бул илдетти жеңип чыгышыбызга аз гана убакыт калды. Жамаат болуп чогуу намаз окуганга, мечиттердин ачылышына баарыбыз кызыктарбыз, күтүп жатабыз. Айт күнү дагы бардык эрежелерди так сактап, үймө-үй кыдырып кетпей үй-бүлөбүз менен чогуу майрамдап, башка мусулман бир туугандарга үлгү болчу сапаттарыбызды көрсөтөлү.

Урматтуу мекендештер Орозо кармоо — бизди бул дүйнөдө жамандыктардан сактап, акыретте болсо тозоктун азабынан коргогон жана күнөөлөрүбүздүн кечирилишине себепкер болгон абдан маанилүү ибадат. Орозо кармоо — тек гана белгилүү бир мөөнөткө ачка калуу көрүнүшү эмес. Орозо адамдын бүтүндөй эркин тарбиялайт. Адамды жаман адаттардан арылтып, жакшы мүнөздөрдү берген бир ахлак тарбиясы болуп саналат. Орозо аркылуу коомчулукта мээримдүүлүк жана боорукердик сезимдер артып, адамдардын ортосундагы өз ара мамилелер чыңдалат. Жараткандан сунулган Орозо айт майрамы – бул жакындарга болгон жакшылыкты, кайрымдулукту, кең пейилдик менен кам көрүүнү чагылдырган салтанат. Ушул күндөрү жетим-жесирлерге, кары картаңга, жалпы эле муктаж болгондор менен майыптарга жасалган жардамдар жүрөктөрдү кубаныч менен шүгүрчүлүкө толтуруп, улуу сезимдерге жетелейт.

Кадырлуу мекендештер! Жараткан Алла Таала баарыбыздын Орозодо тилеген үмүт-тилегибизди, дубаларыбызды кабыл кылып, ибадатыбыздын берекесин жаадырсын! Өлкөбүздө дайыма тынчтык болуп, биримдик менен ынтымак кетпесин! Жалпы мекендештерибизге бекем ден соолук, мол ырыскы, тунук ыйман, бейпил жашоо, ийгилик жана береке каалайм!»,-деп айтылат Максатбек ажы Токтомушевдин куттуктоосунда.

Количество просмотров: 101