• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Муфтийдин кармалышы, Матраимов боюнча сот чечими. Жапаров акыркы кырдаалдар боюнча маек берди

13 Бирдин айы 2021 23:28 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-февралда,  «Кабар» Кыргыз улуттук маалымат агенттигине маек берди.

Мамлекет башчысы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы директору Акин Токталиевдин жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын айланасында түзүлгөн кырдаал, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовго карата чыккан соттун чечими  жана жаңы Конституциянын долбоорунун тегерегиндеги айтылып жаткан  сындарга байланыштуу суроолорго жооп берди.

Төмөндө маектин толук тексти:

— Садыр Нургожоевич, сиздин мурдагы адвокатыңыз Акин Токталиев Дин комиссиясынын башчылыгынан алынгандан кийин «мени Садыр Жапаровдун жанында жүргөн Арзыбек Бурханов кызматтан алдырды» деп айтып чыкты. Канчалык деңгээлде чындыгы бар?

— Акин Токталиевди Октябрь окуяларынан кийин мурда динчилдердин укуктарын коргоп адвокаттык кылып жүргөн адам катары Дин комиссиясынын башчылыгына койгон элем. Динчилдерди бири-бири менен чабыштырбай бириктириңиз деп. Анткени алар үч топко бөлүнүп жүрүшөт. Андан көп өтпөй эле мага муфтий Максат ажы келди. Декабрь айынын башы болсо керек эле. Шайлоо менен алек болуп жүргөм. Мени Уламалар кеңеши кетиребиз деп жатышат, апрель айында мөөнөтүм бүтөт эле, ошондо эле кетсем болот эле деди.

Мен эмне кылышым керек деп сурадым.

Ал Өкмөт жактан айтып коюшса тынчыйт эле деп айтты.

Мен Бакыт Аманбаевге телефон чалып: «Дин комиссиясынын башчысына айтыңыз, баарын элдештирип, түшүндүрүп айтсын, каршылаштар тарабынан үч айдан кийин шайлоо болот экен, тынчып тургула деп сурансын, мамлекетибизге азыр ызы-чуунун кереги жок», — дедим. Ошону менен муфтий кетти. Баары тынчып калды. Январь айынын аягында инаугурациянын алдында, бул жолу каршылаштары арызданып келишти. «Муфтийди кызматтан алабыз, ажыга барчулардын акчасын жеп койду, дин боюнча элди туура эмес багытка жетелеп кетип жатат, көрдүңүзбү ютубдагы сүйлөгөнүн» деп келишти. Көргөн жокмун дедим. Алар эки-үч күндө курултай чогултабыз, абийирин төгүп кетирерин айтышты. Ошол маалда жанымда Бурханов бар эле. Коомдук жардамчым болчу. Мен аны (өзүм инаугурацияга даярданып бошобой жаттым эле) эгер мындай абал жаралып жатса муфтийге барып жолук, нааразы тараптарды дагы чогулткула, элдештиргиле, бири-бирине чепкен калпагын кийгизип тарашсын, шайлоого эки ай убакыт калган экен. Биротоло мөөнөтү бүткөндө шайлоо болсун деп жибердим.

Ал болсо түз муфтийге барбай, Дин комиссиясынын башчысы Акин Токталиевге барып, сиз барып айтыңыз деп жибериптир. Негизи туура эле. Муфтият менен Дин комиссиясы иштеш керек эле. Бирок декабрь айында айтылган маселени тынчытып чече албай жаткан комиссияга кайра- кайра эле айта бериштин кереги жок болчу. Ошол үчүн түз эле муфтийдин өзүнө барып, баарын чогултуп, элдештиргиле деген элем.

Эки-үч күн өткөндөн кийин молдолордун арасында талаш тартыш күчөп бара жаткандыктан жеке өзүм муфтийге телефон чалып, бүгүн түштө чоң мечитке жума намазга барам, баарын чогултуп туруңуз, эки жакты тең угайын, анан жыйынтык чыгаралы дедим. Барсам аалымдардын баары чогулуп калган экен. Эки жакты тең уктум. Муфтий Максат ажы ютуб каналында дин боюнча туура эмес сүйлөп алганын өзү деле моюнуна алды. Акча маселеси боюнча 14 миллион сом жетпейт, ал акчаны мечитте иштегендерге эмгек акы кылып бергем деди. Мен «Аксакалдар, урматтуу дин аалымдары, сиздер элибизге үлгү көрсөтө турган, акыл айта турган адамдарсыңар, анан минтип тескерисинче өзүңөр бири-биринер менен чабышып атсаңар сиздерге ким ишенет? Койгула, минтип бири-бириңерди жамандашып жүргөнүңөр туура эмес деп, эки тарапты тең кол алыштырып элдештирип, шайлоо апрель айында эле өтсүн» деп айтып, макулдашып, тарап кеткенбиз.

— Анда эмнеге ызы-чуу кайра эле уланып кетти?

Мага жеткен маалыматтар боюнча экинчи тарап Финполго, УКМКга арыз менен кайрылышкан экен. Негизи Финполдо мурда эле козголгон кылмыш иши бар экен. Аны мурда токтотуп коюшуптур. Анан кечээ арыз түшкөндөн кийин жанданып кетсе керек. Мен деле муфтийдин камалганын ЖМКлардан кечинде көрдүм. Эртеси дароо өз пикиримди билдирип маек бердим.

— Акин Токталиевди кызматтан алган себебиңиз ушул чыр чатактарга байланыштуубу же башка себептери да барбы? Ал киши «мен Садыр Жапаровго жана анын үй-бүлөсүнө көп жылдан бери адвокат болгом, менин эмгегимди баалабай, кызматтан бошотуп салды» деп айтып чыкты?

Ооба, Акин Токталиев мага адвокат болуп жүргөнү чындык. Аксакал киши. Сыйлайм. Ал кишини дин чөйрөсүндө жүргөн адамдардын да жактоочусу болуп жүргөн адам катары жакшы билчүмүн. Ошол үчүн Октябрь окуяларынан кийин Дин комиссиясынын башчысы кылып дайындаган элем. «Молдолорду ынтымакка чакырыңыз, жарандарыбызды туура жолго чакырып, радикалдуу динди кармануудан алыс болууга чакырышсын» деген тапшырманы койдум. Тилекке каршы, үчкө бөлүнүп жүргөн дин чөйрөсүн бириктиргендин ордуна бир жагына кошулуп алып, ушундай ыр-чырдын жаралуусуна түрткү болуп кетти. Ошол үчүн кызматтан алып, жаш, энергиялуу, дин чөйрөсүн жакшы түшүнгөн адисти койдум.  Мамлекеттин иши жылбай, молдолордун арасында чатак күчөп турса, менин адвокатым эле деп кармап олтура берсем кандай болот? Мамлекеттик кызматта менин адвокатым, менин досум, тууганым деген принцип болбош керек. Ошондой принцип менен 30 жылдан бери жашап келип, мамлекетибиз жок болуп кетүү коркунучуна такалыптыр. Сырткы карызыбыз 5 миллиард долларга жакын. Айрымдарын өз убагында төлөй албай калсак бир топ объектилерибизден айрылабыз. Келишим шартына ушундайга макулбуз деп кол коюп койгон экен Атамбаев. Бирок Кудай буюрса, бардык карыздардан өз убагында кутулабыз. Пландар бар.

— Акин Токталиев «муфтиятка өз кишисин коюу үчүн муфтийди камады» деп да айтып чыкты. Буга кандай жооп бересиз?

Кудай өзү көрүп турат. Мен үчүн муфтийди мага десе башка планетадан алып келип коюп алышсын. Эң негизгиси, элибизди туура жолдон адаштырбаган, салттуу динибизди үйрөткөн муфтий болсо болду. Эмне муфтий кылып өз кишиңди коюп алсаң эле Кыргызстандын проблемасы чечилип калмак беле?

Мен да уктум. Айрым тырмакчадагы досторум айтып жатышат. Ажылык уюштурууда көп акча чогулат. Ошол акчага кызыгып, муфтий алмаштырганы жатышат деп.

Бирөөгө арам ойду таңуулагандан мурда Кудайды эске алып коюшса жакшы болот. Кудай уруп кетет. Ажылыктан акча жегендер таш эле жесин. Эптеп ажылыкка барып келейин деп көптөгөн жылдар бою чогулткан карапайым элдин акчасын жегенден уялыш керек. Ажылыктын акчасына кызыгып атат дегендер өздөрү 100 пайыз ошондой адамдар. Ошол үчүн башканы да ошентип ойлошот. 

— Райым Матраимовду кечээ сот 260 миң сом айып пул менен эле бошотуп жиберди. Буга эл нааразычылыгын айтып жатышат. Райым Матраимовдун иши ушуну менен бүттү десек болобу?

Райым Матраимов тергөө менен кызматташуу деген берененин негизинде күнөөсүн моюнуна алып, 2 миллиарддан ашуун акча төгүп берген. Бул бир эле эпизод менен. Кечээ сот ошол эпизод менен 260 миң сом айып пул салып, чечим чыгарган экен. Соттун ишине кийлигишпейбиз.

Мага УКМКнын берген маалыматы боюнча кошуна өлкөлөргө, Дубайга кандай операцияларды жасаганы жөнүндө, банктык эсептери жана мүлктөрү боюнча суроо салып, кат жөнөтүшкөн экен. Алардын жообу келсе иш уланат. Бул бойдон калбайт. Ошондуктан эл сабырдуу болуп туруш керек. Ар бир иштин бүтчү күнү болот. Ар кайсы күчтөр же алардын артында акча каражат менен камсыздап, «Кыргызстанга бүлүк салгыла, жекшемби сайын митинг уюштургула» деп буйрук берип турган күчтөрдү да билебиз. Баары толук көзөмөлүбүздө. Ошолордун жетегине кирип кетпегиле. Баш аламандык болуп кетсе алар элдин тагдырына жооп бербейт.

— Конституциянын долбоору Жогорку Кеңешке келип түштү. Сын-пикир айткандар да жок эмес. Качан элдин добушуна коюлат?

Албетте, сын пикирлер айтылбай койбойт. Беш кол тең эмес. Бирок башаламан башкарууга чекит кое-турган Конституция болду. Бүгүнкү кадрдык башаламандыктар, ызы-чуулардын баары азыркы иштеп турган Конституция менен байланыштуу. Бүгүн үч «күч» бар. Парламент, Өкмөт, Президент. Жаңы Конституция кабыл алынса, баары бир тартипке түшөт. Бизде тартип болбой эле койсун деген күчтөр бар. Ошолор элди дүрбөтүп, «кокуй эле кокуй мындай болуп калды, кокуй эле кокуй тигиндей болуп калды» деп элди адаштырганга аракет кылып жүрүшөт. Кемчиликтер болбой койбойт. Болсо дароо оңдоп кетип жатабыз. Иштебеген киши жаңылбайт дейт. Эң негизгиси мамлекеттин жалпы кызыкчылыгын көздөгөн стратегиялык чоң иштерде жаңылбасам болду. Ички майда-чүйдө пикир келишпестиктер, кадрдык кемчиликтер өз убагы менен бүтөт. Трагедия кылыштын кереги жок. Кудай буюрса, жазга барып чоң-чоң иштер башталат.

Конституция элдин добушуна 11-апрель жергиликтүү кеңештерди шайлоо күнү менен чогуу коюлат деген үмүтүбүз бар. Жогорку Кеңеш алып чыгыш керек. Жергиликтүү кеңеш менен бирге өткөрсөк каражат үнөм болот. Казнадан ашыкча акча кетпейт. Референдум менен жергиликтүү кеңештин шайлоолору бир күндө болот.

— Садыр Нургожоевич, маекке убакыт бөлгөнүңүз  үчүн рахмат, Ишиңизде ийгиликтер болсун!

— Сиздерге да чоң рахмат!

Количество просмотров: 1227