• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Мугалимдин банк картасын уурдап, 90 миң сом чыгарып алышкан. Шектүү кармалды

28 Чын куран 2023 17:13 Бишкек Govori.TV

Кызыл-Кыяда мугалимдин банк картасын уурдоого шектүү аял кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Милициянын маалыматына ылайык, 54 жаштагы мугалим 27-мартта болжол менен саат 13:40тар чамасында белгисиз адамдар иш бөлмөсүнөн банк картасын уурдап кетишкенин билдирген. Кийин картадан 90 миң сом жоголгону белгилүү болгон.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары 37 жаштагы Х.А. кармалып, тергөөнүн жүрүшүндө акча жабырлануучуга кайтарылып берилди.

Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Теги:
Количество просмотров: 414