Мухаммедкалый Абылгазиев: «Эрлан Абдылдаевге ТИМдеги ызы-чуу таасирин берди»
Мухаммедкалый Абылгазиев: «Эрлан Абдылдаевге ТИМдеги ызы-чуу таасирин берди»
17 Тогуздун айы 201815:03 Бишкек Govori.TV
Бишкек.17.10.2018.Govori.TV.
Эрлан Абдылдаев кызматын тапшырууга Тышкы иштер министрлигиндеги чуулгандуу окуялар жана коомдо талкуу болуп жаткан пикирлер таасир эткенин билдирди. Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында тышкы иштер министри кызматына Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлиги каралды. Анда депутат Рыскелди Момбеков өкмөт башчыдан мурдагы тышкы иштер министри Эрлан Абылдаев аталган кызматтан эмнеге кеткенине кызыкты.
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Абдылдаевдин кызматтан кетишине коомдо талкуу болуп жаткан окуялар да себеп болгонун айтты. «Бирок аны коррупцияга малынды деп айта албайм. Ал мамлекеттик кызматкердин этикасын сактап кызматынан кетти», — деди эл өкүлү.