Бишкек.23.03.2018.Govori.TV
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, юрист Мукар Чолпонбаев прокурорлор казынага кайтарып келген акчанын 30 пайызын алат деген мыйзам менен прокурорлор менен уюшкан кылмыштуу топтордун айырмасы болбой калганын билдирди. Экс-депутататтын айтуусунда башкы күнөө мыйзамды кабыл алган Жогорку Кеңеште.
—«Мамлекеттик кызматта турган адамдар бекитилген ченемдеги айлык-акы алышат. Мыйзамды кабыл алып жатканда Жогорку Кеңеште айтышкан, бул иштеп жаткан кызматкерлерди кызыктыра турган нерсе деп. МАИ кызматкерлерине да айып пулдарынын кайсы бир бөлүгүн берсек паракорчулуктан кутулабыз дегендей болуп жатат да. Антсек, салыкчыларга да бажыда иштегендерге да ошентип акча бериш керек. Андай боло турган болсо эмгек акы төлөбөй эле чогулткан акчаңардын бир бөлүгүн аласыңар деп, уюшкан кылмыштуу топтор «черныйларга» кылган мамиледей болуп калат да. Бул жагы менин ички дүйнөмө туура келбеген нерсе.
Андан тышкары бул жерде коррупциялык схема жатат. Коррупцияга жол ачкан мыйзам болуп жатпайбы. Менин, элдин түшүнүгү боюнча мамлекеттик кызматта турган адам тийешелүү кызматына ылайык акы алгандан кийин башка эч бир акча албаш керек. Азыр социалдык теңсиздик пайда болуп эл нааразы болуп турат. Мисалы сот системасында иштеген адамдардын эмгек акысы жогору, алар пенсияга чыкканда 500 пайызга чейин кошумча пенсия алат деп жазылып калган. Бул кандай адилетсиздикке алып келет? Эл азыр абдан нааразы болуп «сот болуп турганда коррупцияга малынып, өтө чоң айлык акы алып иштеп турат дагы пенсияга чыкканда дагы 500 пайызга чейин кошумча пенсия алат» деп. Прокуратура системасы да ушуга өттү. Айылда төбөсү менен жер казып, колунан кетмен түшпөгөн адам 5 миң сом менен пенсияга чыгат, ал эми өмүр бою сот системасында чоң айлык да алып, пара да алып жашаган адам пенсияга 500 пайыз кошумча акча менен чыгып жатат»,-деди экс-депутат.
Өкмөттүн маалымат кызматы бүгүн, 23-мартта Башкы Прокуратурага бөлүнүп берилген 250 миллион сом боюнча түшундүрмө берди. Өкмөттүн маалыматына ылайык 250 миллион сом Прокуратура жөнүндө» мыйзамынын 63-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, прокуратура органдарына мамлекетке келтирилген зыяндын суммасынын жана прокурордун доо арызы боюнча соттун чечими менен кайтарылган акча каражаттарынын 30 % алуу укугу берилгендигине байланыштуу бөлүнгөн.
Эске салсак, 2016-жылы Башкы Прокуратуранын бюджети 428 миллион сомду түзсө, Жогорку Кеңеш 2016-жылы декабарда Башкы Прокуратуранын 2017-жылдагы бюджетин 577 миллион сом деп бекитип берген. Бул тарыхтагы рекорддук сумма болуп, Башкы Прокуратуранын бюджети дээрлик 35%га көбөйгөн. Ал эми Сапар Исаковдун буйругу менен 250 миллион сом бөлүнгөндөн кийин прокуратура бюджети эки эсе өскөн.
Өкмөттүн маалыматына ылайык, Башкы прокуратура тарабынан 2017-жылы «Альфа-Телеком» ЖАК жана «Brasfortlimited» Компаниясы ортосунда түзүлгөн насыялык келишим боюнча мыйзам бузуу аныкталган жана жыйынтыгында 5 млрд 416 млн сом өлчөмүндөгү мамлекетке келтирилген зыяндын орду толтурулган.