Бишкек. 30.01.2019.Govori.TV.
Жогорку Кеңештин 30-январлагы сессиясында камактагыларга мунапыс берүү боюнча мыйзам долбоору талкууга коюлат.
“Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 70 жылдыгынын жана Кыргыз Республикасындагы 1938-жылкы саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүүнүн 80 жылдыгынын урматына мунапыс берүү жөнүндө”, мыйзамдын долбоору биринчи окууга бүгүн киргизилет»,- деп айтылат Жогорку Кеңештин сайтында.
Демилгечилер – депутаттар Масалиев И.А., Икрамов Т.И., Мамытов Т.Т., Рыспаев К.Ж., Мусабекова Ж.А.
Буга чейин долбоор Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитетте каралган.
Документ колдоо тапса, абактардагы миңдей адамдын көбүнө боштондук берилип, жаза мөөнөттөрү кыскарышы мүмкүн.