Мушкер Мунарбек Сейитбек уулу түнкү 01:30да беттешке чыгат. Мушкерибизге Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов секундант болот.
Абдымомунов 2004-жылы Олимпиадага барган. Бокс боюнча эл аралык спорт чебери.
Буга чейинки беттештерине Өзбекстандык машыктыруучу Акмаль Хасанов секундант болгон. Ал бүгүн Мунарбекке өзбек элинин улуттук кийими болгон чапан менен баш кийимин кийгизип, «ким күчтүү болсо, ошол утсун» деп ийгилик каалаган.