• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Мурас-Ордо конушунда эки бала сууга чөгүп каза болду

3 Жалган куран 20249:19 Бишкек Govori.TV

Бишкектин четиндеги Мурас-Ордо конушунда эки бала сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районуна караштуу Мурас-Ордо жаңы конушундагы көлмөгө 5 жаш бала (аты-жөндөрү такталууда) музда ойноп жатып, сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.

3 бала жергиликтүү тургундар тарабынан суудан чыгарылып, тез жардам кызматына өткөрүлүп берилген.

Тилекке каршы калган 2 баланын сөөгү куткаруучулар тарабынан суудан чыгарылып, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Алдын ала маалымат боюнча, болжол менен 11 жаштагы О.У. аттуу кыз жана 9 жаштагы О.Н аттуу бала каза болгон.

Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.

Количество просмотров: 36