Бишкекте футбол боюнча “Мурас” салттуу достук мелдешинин жарым финалында «Ыйман» менен «Жогорку Кеңеш» командалары оюн өткөрдү.
Беттеш 5:1 эсебинде «Жогорку Кеңеш» команлдасы «Ыйманды» утуп, финалга өттү. Достук мелдешинин 4-майдагы оюнунда жарым финалга «Президенттин администрациясы», «Алга», «Ыйман» жана «Жогорку Кеңеш» командалары өткөн.
Жарым финалдын алгачкы оюнунда “Президенттин администрациясы” командасы «Алганы” 4:0 эсебинде артта калтырды. Ата мекендик футболдун 100 жылдыгына арналган декабрдагы турнирде президент Садыр Жапаров бул спорттук иш-чара салттуу түрдө жылына эки жолу (кыш-жай) өтүп турарын жарыялаган. Бул ирет чемпиондук наам үчүн 12 команда күрөшүүдө.