ЖКККББнын басма сөз кызматы билдиргендей, 10-ноябрда болжол менен саат 22:45 чамасында “Гавайи” эс алуу жайында М. аттуу кызды мурдагы күйөсү сабап, күч колдонуу менен авто унаага салып, белгисиз тарапка качып кетти деген маалымат келип түшкөн.
Бул факты боюнча Чүй облусунун жол тескөөчүлөрү ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, шектүү катары «Audi» үлгүсүндөгү авто унаанын 1993-жылы туулган М.Р. аттуу айдоочусун кармашкан.
Кошумчалангандай, шектүүнү Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.