Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Токтогул Туманов пневмониядан каза болду. Маалыматты Республикалык инфекциялык оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев тастыктады.
Маалыматка ылайык, эл өкүлү 6-апрель түнү каза болгон.
«Бейтап коноровирустук пневмониянын оор түрү менен ооруканага түшкөн. Ал 1-апрелде жандандыруу бөлүмүндө жаткырылган, кечээ саат 22.00 чамасында көз жумду», — деди Аалиев.
Туманов 2018-жылы октябрь айында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары кызматына дайындалган. 2010-жылы 10-ноябрда Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты болуп шайланган.