• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Мурдагы министр Жакыпова УКМКга суракка чакырылды

16 Кулжа 202223:50 Бишкек Govori.TV

Мурдагы билим берүү министри Чынара Жакыпова ​Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) оозеки чакыруу алды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

“Мага эки жигит келип, эртең (17-июнь) саат 15те кылмыш иши боюнча УКМКда барышымды эскертишти. Бирок кайсыл кылмыш иши экенин айтышкан жок. Документтерин да жөндүү көрсөтүшпөдү. Эртең чакыруу кагазы болорун айтышты”,-деп жазды Жакыпова.

Белгилей кетсек, коомдук ишмер, мурдагы билим берүү министри Чынара Жакыпова «Сорос Кыргызстан» фондунун алгачкы жетекчиси болгон.

Количество просмотров: 109