• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Мурдагы президенттердин тушунда канча алтын сыртка ташылган?

17 Бугу 2021 12:20 Бишкек Govori.TV

«Kумтөр Голд» ишканасынын ишмердигин текшерген мамлекеттик комиссиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров Кумтөр кенинен буга чейинки президенттердин тушунда сыртка ташылып кетти деген алтындын көлөмү тууралуу маалымат берди.

«Бардык президенттердин тушунда Кумтөр боюнча ар кандай комиссиялар түзүлгөн. Бирок олуттуу майнап чыккан эмес. Кыскасын айтканда, Кыргызстандын төрт президенти тең Кумтөр маселесин аягына чыгарууга күчүн, эркин түптөй албай эле кете беришиптир. Комиссия түзбөгөн бир гана өткөөл мезгилдеги президент Роза Отунбаева эле болуптур. Бирок ал деле убактылуу өкмөттүн бир декрети менен Кумтөрдү улутташтырып салса болмок», — деди Жапаров.

Маалыматка ылайык, буга чейинки төрт президенттин тушунда Кумтөрдөн төмөнкүдөй көлөмдө алтын сыртка ташылып кеткен:

Аскар Акаев (1991-2005) — 156 тонна;
Курманбек Бакиев (2005-2010) — 68,2 тонна;
Алмазбек Атамбаев (2011-2017) — 132,6 тонна;
Сооронбай Жээнбеков (2017-2020) — 52,9 тонна.

Количество просмотров: 192