• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

«Мурдагы президенттердин жолунан кайт!». Бекназаров Жапаровго кайрылды

8 Аяк оона 2022 14:35 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 8-сентябрь күнү коомдук ишмер, мурдагы элчи Азимбек Бекназаров Кыргызстандагы акыркы саясий кырдаал боюнча маалымат жыйын куруп, өлкө башчы Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду.

«Бүгүнкү бийлик жаман иштеп жатат дегенден алысмын. Биринчи жылдыгында Садыр Нургожоевич командасы менен жакшы иштеди. Жыйынтыгында саясий реформаларды бир жылдын ичинде жүргүзө алды. Элдин макулдугу менен башкаруунун түрүн киргизе алды. Буга биз «бали!» дешибиз керек. Анткени мурдагы президенттер шайлоо дагы өткөрө алышкан эмес. Ошондой эле Кумтөрдү кайтарып ала алды. Бирок акыркы убакта «ПКАСС» дегендер пайда болду. Башкача айтканда «профессионал, кошоматчы, алдамчы, саясий сойкулар. Жогоруда аты атлгандар президентибиздин айланасына келди. Көмүскөдөгү бийликти ошолор жүргүзүп жатат. 2020-жылы Садыр менен бийликке келген мекенчилдер жок. Алардын ордун «ПКАССчылар» ээлеп алды. Аттарын атабай эле коеюн өзүңөр жакшы билесиңер. Урматтуу Садыр Нургожоевич, «ПКАССтардан» арылыңыз. Болбосо ошолор сиздин түбүңүзгө жетет. Буга чейин бата берип, мурдагы президенттердин жолун жолдобогула деп сурандым эле. Бүгүн ошол эле батамды дагы улантам. Мурдагы президенттердин жолунан кайт! 2 тонна алтын менен 19 тонна алтын окшоп баратат»,-деди Бекназаров.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров 5-августта кызматынан бошотулган. Президенттик администрация ал коюлган милдеттерди аткара албаганы үчүн иштен алынганын жарыялаган.

Количество просмотров: 980