• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Мурдагы сүйлөшкөн кызын уруп-сабоого шектелип 24 жаштагы жаран кармалды

8 Бугу 2024 14:15 Бишкек Govori.TV

Сокулук районунда мурдагы сүйлөшкөн кызын уруп-сабоого шектелип 24 жаштагы жаран кармалды.

Маалыматка ылайык, 6-майда эртең мененки саат 07:20да 21 жаштагы кыз үйүнөн чыгып, жумушка жөнөгөн. Үйүнүн жанынан аны мурдагы сүйлөшкөн жигити тосуп алып, бычак менен коркутуп унаага отургузган. Андан кийин ал кызга моралдык жана психологиялык басып көрсөтүп, уруп-сабаган.

Милиция аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (уруп-сабап кыйноо) боюнча кылмыш ишин козгогон.

Тергөө учурунда аныкталгандай, аталган жаран буга чейин да кызганычтан улам мурдагы сүйлөшкөн кызын уруп сабап, психологиялык басым жасап келген.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 272