• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Мурдагы Саламаттыкты сактоо министри: Көпчүлүк эл коронавирус менен ооруп жатканын билбейт

8 Бугу 2020 18:12 Бишкек Govori.TV

Жарандардын көпчүлүк бөлүгү коронавирус менен ооруп жатканын билбейт. Мындай пикирин мурунку Саламаттыкты сактоо министри Дамира Ниязалиева Govori.TVнын «Майдан» берүүсүндө айтты.

Анын айтымында, эгер элдин баарын тизмектеп, баарынан коронавируска карата тест алса, анда азыркы вирус жуктуруп алган жарандардын саны бир нече эсе өсөт.

«Биздин Саламаттыкты сактоо министрлиги чектөөлөрдү кеч киргизип калды. Мисалы ошол чектөөлөр 10-мартта киргизиле турган болсо учурда мындай абал жаралмак эмес. Азыркы учурда күнүгө 20дан 30дан чыгып жатат. Мен толук айта алам эгер адамдардын баарынан тест алсак, азыркы көрсөткүчтөр бир нече эсеге өсүүсү мүмкүн. Себеби оору көпчүлүгүндө өзгөчө белгилери жок өтүп жатат», — деди Ниязалиева.

Количество просмотров: 7424