• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«Мурдагыдай дежур курултай болбойт». Жапаров курултай тууралуу оюн айтты

18 Баш оона 2022 9:19 Бишкек Govori.TV

Мындан ары кандай гана курултай болбосун, мурдагыдай «дежур курултай» болбойт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы расмий баракчасы аркылуу билдирди.

Жапаровдун айтымында, Элдик курултайга делегаттарды жергиликтүү эл өзү шайлап жөнөтөт. Айыл өкмөт, аким, президенттин өкүлдөрү делегат тандоо иштерине катышпайт. 

«Кечээ күнү Элдик курултай жөнүндө Жарлыкка кол койдум. Ага ылайык, ушул жылдын 25-ноябрь күнү биринчи Элдик курултай өтөт. Элдик курултай жөнүндө мыйзам ушул жылдын башында жазылып бүтүп, эки ай бою жалпы элдик талкууга коюлуп, андан кийин Жогорку Кеңешке киргизилген. Тилекке каршы, кабыл алынбай калды. Ошондуктан мыйзам кабыл алынганга чейин быйылкы Курултайды жарлык менен чакырууну туура көрдүм. Бийликтин бардык бутактары бир жылда жасалган иштери жөнүндө жалпы элге маалымат беребиз. Курултайдын сунуштарын угабыз. Курултайга кимдер делегат болуп шайланып келе алышат деген суроо туулат. Курултайга делегаттарды жергиликтүү эл өздөрү шайлап жөнөтүшөт. Уюштуруу иштерин, делегат шайлоону жергиликтүү кеңештин депутаттары уюштурушат. Жергиликтүү элди чогултат. Ошол чогулушта эл өздөрү делегат шайлап беришет. Шайланган делегат Бишкекке Курултайга келет. Ошондуктан эл-журт делегат шайлоого активдүү катышып бериңиздер. Айыл өкмөт, аким, Президенттин өкүлдөрү делегат тандоо иштерине катышпайт. Тыюу салынат! Алардын катышпоосуна буйрук берилди. Мындан ары кандай гана курултай болбосун, мурдагыдай «дежур курултай» болбойт. Эл шайлаган делегаттар, келгиле. Ачык айтып, ак сүйлөп, сунушуңарды бергиле»,-деп жазган Жапаров.

Количество просмотров: 802