• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Мурунку депутат Алишер Мамасалиев көз жумду

27 Бугу 2021 18:20 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 27-майда мурунку депутат Алишер Мамасалиев узакка созулган оорудан кийин көз жумду. Бул тууралуу туугандары билдиришти.

Ал 47 жашта болчу, акыркы убактарда ооруп жүргөн жана чет мамлекеттерде дарыланган.

А. Мамасалиев Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты болгон.

Алишер Мамасалиев 1973-жылы Бишкек (мурдагы Фрунзе) шаарында туулган.

1997-1999-жылдары Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) “Замана” студиясында журналист болуп иштеген. 2003-жылы жаштардын “Алико” бейөкмөт уюмун жетектеген. 2006-жылы “Кел-Кел” жаштар кыймылын башкарып, 2007-2010-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

Количество просмотров: 6941