• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Мыйзамдагы кемчилик сапатсыз турак жай курууга жол берет

10 Бирдин айы 2023 17:02 Бишкек Govori.TV


Түркия менен Сириядагы болгон табигат кырсыгы Кыргызстандыктарды дагы сестентип койду. Анткени айттырбай келген апаат өлкөдө болуп калса, кандай болот деген коркунуч пайда болду. Бул жагдайдын алуу үчүн Кыргызстандын кайсы аймагында такыр курулуш салса болбой турганы айтылды.

Кыргызстанда майда барат жер титирөөлөр байма-бай болуп турат. Айрымдарын байкоого деле мүмкүн болбойт. Анткен менен алдын-ала кам көрүп коюу, жоготуу тобокелдигин азайтат. Бул багытта кандай кадамдар аткарылышы керектигин тиешелүү тармактын адиси айтты.

Кыргызтанда бир жылдын ичинде 9586 жолу жер титирөө болгон. Анын ичинен 4,5 баллдан жогорку учуру 183 ирет болгон. Үстүбүздөгү жылдын январь айында эле 800дөн ашуун жер титирөө болгон. Жердеги топтолгон энергиянын майда барат жер титирөө аркылуу чыгып кетип турганы жакшы. Топтоло берсе коркунучтуу апаатка алып келиши ыктымал.

Сейсмология институту бул негизде өлкө аймагынын кайсыл жеринде канча баллдык зилзала болушу ыктымалдыгы тууралуу маалымат менен Мамлекеттик архитектуралык курулуш компаниясын кабардар кылып турат. Эгерде жер титирөөгө туруктуулук тууралуу туура эмес уруксат берилсе, мамлекттик архитектуралык курулуш компаниясынын жоопкерчилигинде болот.
Адис өлкөдөгү тиктоникалык жарака Түркиядан кандайча айырмаланып тураарын түшүндүрүп берди.

Өлкөдөгү ирээтсиз, талапка жооп бербейт деп сындалып жаткан курулуштун баары алгач лабороториялык текшерүүдөн өтөт.

Аталган мекемеде сапаттуу турак жай салууну көзөмөлгө алууда тиешелүү милдет артылганына карабастан, айрым учурда мыйзамдын өзүндө мүчүлүштүк бар.

Количество просмотров: 247