ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташып келген дары-дармектер Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү/чыгуу фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Манас” бажысынын кызматкерлери тарабынан 2021-жылдын 25-февралында эл аралык “Манас” аэропортунда “К.Э.И.Т.” ЖЧКнын дарегине үчүнчү өлкөдөн келген жалпы салмагы 20,2 кг болгон декларацияланбаган ар кандай дары дармектердин түрлөрү табылган.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.