• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Мыйзамсыз ташып келинген дары-дармектердин ири партиясына бөгөт коюлду

16 Чын куран 2024 13:31 Бишкек Govori.TV

Мыйзамсыз ташып келинген дары-дармектердин ири партиясына бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат Мамлекеттик салык кызматынын Эсепке алынбаган товарлар менен иштөө башкармалыгынын көмөгү менен экономикалык коопсуздукка зыян келтирүүчү кылмыштардын бетин ачууга жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-иликтөө иш-чараларын уюштуруунун натыйжасында «Ак-Тилек автожол» өткөрүү жайында жүк ташуучу документтери ишенимсиз болгон «Вольво» үлгүсүндөгү унаа кармалып, ал жерден үй буюмдарын ташып келүү шылтоосу менен алдын ала наркы 50 млн сомдон ашык болгон ири өлчөмдөгү кымбат баалуу дары-дармектердин 50 кутучасы табылган.

Текшерүүнүн натыйжасында аталган товарлардын ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден ташып кирүү/импорттоо жана Кыргызстандын салык органдарында эсепке алуу үчүн тиешелүү документтери жок болуп чыккан.

Учурда УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында республикалык бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн, ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн фактыга кызмат адамдарынын катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 55