• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Мыйзамсыз жер берген айыл өкмөтүнө кылмыш иши козголду

4 Тогуздун айы 2018 16:17 Бишкек Govori.TV
Бишкек.04.10.2018.Govori.TV.
Ысык – Ата райондук прокуратурасы Ново-Покровский айыл өкмөтүнө жана ал айыл өкмөттүн башка кызматкерлерине кызмат ордун кыянаттык менен колдонуп, жер үлүштөрүн мыйзамсыз бергендигине байланыштуу кылмыш ишин козгоду.
Белгилүу болгондой, айыл өкмөтүнүн башчысы өзүнүн  кызмат ордуна таянып, жер бөлүштүрүү боюнча башкы адиске Сары-Жон айылынын жашоочусу Э.А. нын арызын атайын комиссияда карап чыгууну тапшырган.
Ал комиссия, жерге тизмекке тургандарды карап чыгып, Э.А.га жер берүү мумкунчулугу бар экенин айтышкан. Тизмекти бузганына карабастан ал жаранга жалпы аянты 528 чакырым болгон жер тилкеси берилген.
Натыйжада, мыйзам бузулуп, бул ишке тиешелүү документтер топтолуп компетенттүү органдарга берилген.
Количество просмотров: 23