• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Найман каналынан түшүп кеткен 18 жаштагы жигиттин сөөгү табылды

27 Теке 2020 17:53 Бишкек Govori.TV

Ноокат районундагы Найман каналынан түшүп кеткен 18 жаштагы жигиттин талма оорусу бар болчу деген божомолдор айтылууда. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бел айылынын 18 жаштагы тургуну 25-июлда болжол менен саат 19:00 чамасында Найман каналына чөгүп кеткен. Алдын ала маалыматтарга караганда, маркумдун талма оорусу бар болчу.

Дарыянын нугун башка сайга буруп, издөө иштери жүргүзүлгөн.

«Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Каза болгон жаран Чили-Сай дарыясына түшүп кеткен. Суу ичем деппи же сууга түшкөнбү, азырынча белгисиз. Кийимдерин көрүп калган жарандар куткаруучуларга кабар беришкен. Баланын денеси Найман суу сактагычына жетпей табылган», — дейт Найман суу сактагычынын жетекчиси Асылбек Зулпуев.

Баланын кийимдери суунун жээгиннен табылган. Маркумдун жансыз денеси кечээ куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 96