Садыр Жапаров бүгүн, 29-августта, Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана түштүк борбордун мэри Жеңиш Токторбаев менен бирге шаардагы жолдордун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынын башчысы Аскат Алагозов Facebook баракчасына жазды.
Анын маалыматы боюнча, 2025-жылы Ош шаарында 33 көчөнү куруу пландалууда.
«Республикалык бюджеттин эсебинен узундугу дээрлик 22 километрди түзгөн 11 негизги көчөгө капиталдык оңдоо жүргүзүлдү. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен шаардын дагы 22 көчөсүнө капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Жалпысынан жолдордун 90 пайызга жакыны асфальтталып, Эгемендүүлүк күнүнө карата пайдаланууга берилет», — деп айтылат билдирүүдө.
Алагозов жарыялаган видеодо Садыр Жапаров Ош шаарынын көчөлөрүн кыдырып жүргөнү тартылган. Автоунааны Камчыбек Ташиев айдаган, аларды түштүк борбордун мэри коштоп жүргөн.
«Ош шаары жаңыланып жатат, аябай жакшы! Наконец-то шаарга окшошуп баратыптыр», — деди президент, түштүк борбордо болуп жаткан жаңылануулар тууралуу маалыматты уккандан кийин.