• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

«Намысыма тийди». Бакиров Ташиев менен болгон пикир келишпестик боюнча үн катты

18 Жетинин айы 2022 11:45 Бишкек Govori.TV

Депутат Өмүрбек Бакиров УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен болгон кайым айтышуу тууралуу комментарий берди. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга жарыяланды.

«17-ноябрь күнү Жогорку Кеңеште кыргыз-өзбек чек арасы боюнча документтерди ратификациялоо күн тартибине киргизилген. Ар кандай суроолор болду. Мен да өзүмдүн суроолорумду бердим. Канал боюнча суроолорума жооп берип жатып, эмоцияга алдыртып, копол жооп берди. Ошол жерде Керкидан суу сактагычы боюнча кемчилик кетиптир деп өзү деле айтты.Кемчилик кетирген жетекчилердин атын атап койбойсузбу десем, башталып кетти. Энеден түшүп, сөгүнүп жатпайбы. Бул намыска тийип, ашыкча болуп кетти. Мамлекеттик жетекчи мындай сүйлөбөш керек. Эл өзү баасын берет. Аялга, энеге болгон мамилесин өзү көрсөтүп койду. Кудай жазасын берсин. Кудайдга койдум, өзү таразалайт. Намысыма тийди, жүрөгүмө катуу тийди. Эми мушташып кете жаздаган боюнча, эми ал балдар кошоматтанып чыга калды. Аларга көңүл бурбайм», — деди ал.

Количество просмотров: 4370