• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Нариман Түлеев, экс-мэр: “Азыр бизге Атамбаевдин кереги жок…”

2 Бугу 2018 7:52 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 02.05. 2018. Govori.TV

“Азыр бизге Алмазбек Атамбаевдин кереги жок болуп калды, себеби, убакыт өтүп кетти. Убагында кол сунганбыз, өзү кагып койгон”. Бул сөздөрдү Марал радиосуна маек берип жатып Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев айтып өттү.

Анын айтымында, уучурда Алмазбек Атамбаевдин командасы ага бирге иштейли деген сунушун берип жаткан экен.

“Мен түрмөдөн чыкканда анын жакындары мага келишти. Ошондо мен келгиле, Атамбаевдин учурунда саясий көз караш менен камакка алынгандарды, оппозициядагыларды  мен чакырып бир дасторконго отургузайын, чепкенин деле мен алып берейин, силер ошону жаап эле кечирим сурам койгула десем, жакындары ага айтып барса, ал “Бизге алардын кереги жок”деп коюптур. Азыр болсо ага биз керек болуп жатабыз”,-дейт Нариман Түлеев.

Ошондой эле ал абактан чыгып, мыйзамсыз соттолуп, мыйзамсыхңз мүлктөрүн тарттырып жиберсе дагы жашоосу тынч, шаарда жайбаракат жүргөнүн, ал эми кечээ аны каматкандар бүгүн Мамлекеттик резижденция менен Кой-Таштын ортосунда тынч жата албай жатканын кошумчалаган.

Количество просмотров: 24