• Дүйшөмбү 17 Бугу 2021

Нариман Түлеевдин талабына Бишкек АШКнын жообу

19 апреля 2021 в 16:13 Бишкек Govori.TV

“Ак Бата” партиясы “Эмгек” партиясына байланыштуу шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылууда. Бул тууралуу аталган партиянын лидери Нариман Түлеев Facebook баракчасына жазып чыккан.

Нариман Түлеев “Эмгек” партиясына карата тиешелүү чаралар көрүлүшү керек деп эсептейт.

“Мен акыйкаттык менен баа бере албайм, бирок объективдүү түрдө айтарым, менин жеке оюм боюнча, “Эмгек” партиясы дагы алынып салынышы керек эле. Алар шаардыктарга таасирин тийгизип, азык-түлүк пакеттерин таркатып, жеринде добуш берүү учурунда пенсионерлерге добуш берүү үчүн түздөн-түз көрсөтүштү. Бул фактылардын бардыгы ММКларда жарыяланган, бирок эч кандай чаралар көрүлгөн жок. Шайлоого катышкан дээрлик бардык партиялар АШКларга жергиликтүү мыйзам бузуулардан улам жер-жерлерде добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгаруу талабы менен кайрылышты”,-п жазган Түлеев.

Ал эми  Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов төмөндөгүлөрдү билдирди.

“Шайлоого чейин жана кийин кээ бир саясий партиянын тизмесиндеги талапкерлердин билдирүүсү алардын жеке ою. Бүгүнкү күндө Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясы мыйзамдын негизинде келген документтер менен фактыларга таянып, чечим кабыл алганга укугу бар. Өзүбүз башка чечим чыгарууга мүмкүнчүлүгүбүз жок. 2-майга чейин убакыт бар, ага чейин дагы материалдарды күтөбүз”,- деди ал.

Количество просмотров: 4915