Мэр Албек Ибраимов төрагалык кылган шаар куруу кеңеши “Нарын” ресторанынын ордуна курулчу “Хуалинь” отелинин проектисин карады.
Кеңеш отелди куруу үчүн шаардын башка жерин табуу чечимине келди. Ал эми Нарын ресторанын ордуна архитекектуралык конкурстун негизинде имарат курулат.
Эске салсак, кытайлык «De He Co LTD» компаниясы “Нарын” ресторанын ордуна 23 кабат “Хуалинь” отелин курууну сунуштаган.