Нарын облусуна караштуу Жумгал районунда балык уулоого кеткен эки кишини издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Өрнөк айылындагы Көкөмерен дарыясына балык кармоого кеткен боюнча дайынсыз болгон жарандарды 17-июнь күнү издөө улантылып, 13 куткаруучу тартылган.Бүгүн, 18-июнда издөө иштери улантылары айтылат.
Эске салсак, Жумгал районунда 5-июнь күнү Миң-Куш айылынын 42 жана 43 жаштагы тургундары балык уулоого кетип дайынсыз болуп жатканы айтылган.