Нарын облусунда Кел-Сууга бара жаткан жолдо орнотулган даараткана уурдалган. Бул тууралуу Сергей Глуховеров Facebook баракчасына жазып чыкты.
Ал 2019-жылы Кел-Суу көлүнө бара жаткан жолдо ажаткана белек кылууну чечишкенин айтат.
«2020-жылы туризм болгон жок, ал эми 2021-жылы көңүлүбүз түшүп калды — кимдир бирөө ажаткананы талкалап алып кетиптир. Анан эмне үчүн алар өлкө боюнча ажатканаларды койбойт? Эмне үчүн тоолордо таштанды челектер жок? — деп наалыйбыз. Достор, биз жасалганды сактамайын, эч кандай жылыш болбойт». — деп жазган ал.