• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Нарында кагышкан эки унаа өрттөнүп кетти (видео)

17 Баш оона 202017:00 Бишкек Govori.TV

Нарын шаарынын Раззаков менен Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде кечээ, 16-августта болжол менен саат 22:59да эки автоунаа кагышып, натыйжада өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, №16 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тарабынан кырсыкка кабылган “Спринтер” жана “Ауди” автоунаадагы өрттүн андан ары жайылып кетүүсүнө жол берилген эмес. Өрт саат 23:09да өрт курчоого алынып, саат 23:25те толугу менен өчүрүлгөн.

Ал эми өрттөнүп жаткан унаалардын видеосу социалдык тармактарда жарыяланган.

Количество просмотров: 832