• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Нарында кызматкерлердин акысын жеген жетекчиге иш козголду

23 Жалган куран 2021 12:02 Бишкек Govori.TV

Нарын облусуна караштуу Жумгал райондук суу чарба башкармалыгынын жетекчилиги кызматкерлердин эмгек акысын жеп алган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, райондук башкармалыктын жооптуу кызмат адамдары бухгалтердик иш кагаздарды жасалмалоо аркылуу айрым кызматкерлердин эмгек акыларын өздөрүнө ыйгарып алышкан.

«Жумгал райондук суу чарба башкармалыгында жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында, аталган башкармалыктын жооптуу кызмат адамдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, өздөрүнө пайда табуу жана материалдык артыкчылыктарды көрүү максатында, мекеменин каржылык жана бухгалтердик иш кагаздарын жасалмалоо аркылуу, айрым кызматкерлердин эмгек акы төлөө карталык эсебине каражаттарды которуу жолу менен банк аркылуу чыгарып, өз кызыкчылыгына пайдалангандыгы аныкталган. Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-бер. (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, азыркы учурда тергөө аракеттери башталды жана мыйзамсыз ыйгарылып алынган жалпы суммасы 3 062 330 сом акча каражатты мамлекеттин эсебине кайтарууга тийиштүү иш аракеттер жүргүзүлүүдө»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 437