• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Нарында мал уурулукка шектүү 5 адамды кармады

18 Жалган куран 2020 12:07 Бишкек Govori.TV

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын өкүлдөрү жана Нарын РИИБдин кызматкерлери мал уурулукка шектүү 5 адамды кармады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, жабырлануучулар — Кочкор жана Тоң районунун жашоочулары. Февраль айынын башында Кочкор районунун Чекилдек айылында 8 баш уй уурдалган. Жабырлануучу милицияга кайрылып, бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексиндеги 200-берене (уурулук) боюнча катталган.

Шектүүлөрдүн изине түшүү үчүн ИИМдин жана Нарын ОИИБдин кызматкерлери Ысык-Көл облусуна барышкан. Алар шектүү катары Нарын жана Талас облусунун 5 тургунун кармады.

Алар:

  • 1983-жылы туулган Э.К., Талас районунун тургуну, уюшкан кылмыштуу топту уюштурган;
  • 1993-жылы туулган Ж. уулу А., Кочкор районунун тургуну;
  • 1983-жылы туулган К.Б., Талас районунун тургуну;
  • 1992-жылы туулган А. К., Талас облусунун тургуну,
  • 1997-жылы туулган Н. Б., Талас облусунун тургуну.

Алар 31 баш мал уурдаганы такталды. Ошондой эле Кочкор районунун аймагында жасалган 6 кылмышка (8 баш мал уурдалган) шектелип жатат. Мындан тышкары Тоң районунун аймагында 15 жылкы уурдашкан. Шектүүлөр камакка алынып, тергөө иштери жүрүп жатат.

«Укук коргоо органдары шектүүлөр уурдалган малды башка аймактарда сатып жүргөнүн аныктады. Кылмыштуу топту түзгөн адам уурдалган малдан түшкөн акчага «Тойота Виндом» унаасын сатып алган. Унаа далил буюм катары калынды», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 208