Бишкек.30.07.2019.Govori.TV.
Нарын шаарында Нарын дарыясына түшүп кеткен 61 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Нарын дарыясынын түштүк тарабындагы жээгинен 1958-жылы туулган А.Ж.нын алгач кийимдери табылып, издөө иш-чараларына ӨКМдан 18 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денеси кечээ, 29-июлда саат 15:30 чамасында Куланак айылынан табылган.
Ал эми маркумдун сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилген.