Ат-Башынын Баш-Кайыңды айылында автоунаанын газына ууланып эки адам каза болду. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, 20-декабрда Ат-Башы райондук милициянын нөөмөт бөлүмүнө Баш-Кайыңды айылында гаражда токтоп турган автоунаанын ичинде эки адам каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.
«Каза болгондор 1982-1983-жылы туулган жубайлар экени аныкталды. Алар сууктан улам тоңуп калгандыгы белгилүү болду. Күч колдонуу белгилери байкалган эмес. Факты боюнча тиешелүү эспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө»,-деп айтылат маалыматта.
Алдын ала иликтөөлөргө ылайык, каза болгон жарандар автоунаанын газына ууланып калганы божомолдонууда.