• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Нарында жер титиреди

12 Теке 2020 14:06 Бишкек Govori.TV

Нарын облусунда жер титиреди. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 12-июлда таңкы саат алты жарымда Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

«Жер титирөө Нарын районунун Кара-Булак айылында, Ак-Талаа районунун Орто-Сырт айылында 4 балл, Ат-Башы районунун Ак-Бейит, Казыбек, Кызыл-Туу айылдарында 3,5 балл, Ак-Талаа районунун Баетов, Кара-Суу айылдарында 2,5 баллга чейин сезилди»,-деп айтылатмаалыматта.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Количество просмотров: 97