• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Назарбаев Акаев менен Бакиевди Кыргызстандан чыгарып кетүүгө кандайча жардам бергендигин айтты

16 Бештин айы 2020 9:53 Бишкек Govori.TV

Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев «Хабар» телеканалына берген маегинде качкын президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди Кыргызстандан чыгарып кетүүгө кандайча жардам бергендигин айтты.

«Аскар Акаевди Бишкектен Таразга тик учак менен жеткирдим. Кырдаал оор болчу, алар ошол жерде ок чыгарышса болмок, бирок тирешүү болбошу үчүн аны алып чыктым», — деди Назарбаев.

«Андан кийин ошол эле окуя кайталанды. Бакиев Ошто отуруп, тарапташтарын чогултуп, аларды куралдандырып, Бишкекти көздөй жөнөөгө даяр турган. Мен: “Курманбек, сен эмне кылып жатасың? Эмне үчүн? Кан төгөсүңбү? Сен дагы президент болгуң келеби? Ушул окуядан кийин кантип иштейсиң?»,- дедим.

Назарбаевдин айтымында, андан кийин ал Роза Отунбаевага телефон чалган.

«Отунбаева бир нерсе кылыңыз, Курманбекти тынчтандырыңыз» деди. Мен Курманбекке телефон аркылуу байланышып: “Сени Оштон алып кетейин. Андан кийин сүйлөшөсүң, жакын жердесиң деп аны араң көндүрдүм», — деди Назарбаев.

«Казакстандын мурунку президенти ал учурда Вашингтондо антиядролук маселелер боюнча жыйын өтүп жаткандыгын айтты. Биз ал жерде болгонбуз. Орусиянын ошол кездеги мамлекет башчысы Медведев болгон. Обама да бар болчу. Үчөөбүз туруп шыбырап турган сүрөт бар. Бул жөн гана Кыргызстан жөнүндө болгон, жарандык согуш башталат. Бакиев куралдуу отряддар менен Бишкекти көздөй аттангысы келет, бир нерсе кылыш керек. Мен алып чыксам орус ракеталары мени коргоп турсун дедим. Адилбек Жаксыбеков ал кезде Коргоо министри болчу, мен ага тапшырма берип, Курманбекти алып келүүсүн тапшрдым. Ал барып учак менен Курманбекти жакындары менен алып келди. Сени алып келбесек мындан да көп кан төгүлмөк. Эсиңден чыгарба дедим»,- деди Назарбаев.

Количество просмотров: 1791