• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Назарбаев: Мен Кыргызстандын дарегине бир да жолу жаман сөз айткан эмесмин

25 Бештин айы 2017 17:40 Бишкек Govori.TV

Казакстан Сооронбай Жээнбеков жетектеп келген кыргыз делегациясы көтөргөн бардык маселелерди чечүүгө даяр. Бул тууралуу Нурсултан Назарбаев билдирди деп жазды Tengrinews.kz сайты. Бүгүн, президент Сооронбай Жээнбеков Казакстанга официалдуу сапары менен учуп кеткен.

“Биз сизди күтүп жатканбыз жана кубаныч менен тосуп алуудабыз. Биз көз карандысыз өлкө катары 26 жылдан берт жашап келе жатабыз. Мен бул убакыт ичинде бир да жолу Кыргызстандын дарегине жаман сөз айтпадым. Бул туура. Биз келебиз жана кетебиз, ал эми эки кошуна мамлекет бизден кийин дагы жашайт”,-деди Назарбаев.

“Чакырууңузга терең ыраазычылык билдирем. Сиз биздин аксакалыбызсыз, улуу агабызсыз. Казак-кыргыз бир тууган. Биз бир суу ичебиз, бир жол менен жүрөбүз. Мен эки мамлекеттин ортосундагы мамиленин жакшырышына бардык күчүмдү жумшайм”,-деди Жээнбеков.

Ушу тапта Астанада эки тараптуу жолугушуулар өтүп жатат.

Количество просмотров: 7