• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Назарбаевдин небереси Айсултан Улуу Британиядан башпаанек сурады

13 Бирдин айы 2020 13:25 Бишкек Govori.TV

Казакстандын биринчи президентинин небереси Айсултан Назарбаев Улуу Британиядан башпаанек сурады.

«Мен Улуу Британиядан саясий башпаанек сурадым. Акыркы 5 жыл мен үчүн боз түскө боелгондой. Эл чындыгында эмне болгонун билүүсү керек», — деп Айсултан социалдык түйүндөгү баракчасына жазган.

А.Назарбаев үй-бүлөөсүндөгү оор кырдаалдар тууралуу Фейсбук социалдык түйүнүнө бөлүшүп жазган:

Бул жолу мени кармап, психотропртук заттарды сайышты. Андан соң дарылансын деген шылтоо менен абакка жиберишти. Ал жерде 14 ай болдум.

Менин укуктарым тебеленди. А Нурсултан Назарбаев мени өч алууну каалап жаткан апамдын колуна берди. Россиянын Орел шаарындагы абакта мыйзамсыз 12 ай жаттым. Андан соң менин апам келип, дагы деле баш ийбей турганымды көрүп турганын айткан.

Жыйынтыгында мен абакта калдым, ал кетти. Ал мен ага баш иймейинчи абакта каларымды билдирген. Жек көрүү сезими, өч алуу үчүн 14 ай чыдадым. Алнуру Мусаева, россиялык атайын кызматтагылар ал жерден мени чыгарышты.

Жада калса убагында мен жардам берип жүргөн кайын атам Кайрат Боранбаев кетип калды. Алматыга келгенде Нурсултан Назарбаев менен мамилемди кайра апам бузду.

Айсултанга 2019-жылдын октябрь айында Лондондогу полиция кызматына кол салганы үчүн кылмыш иши козголуп, жоопко тартылган. Соттун чечими боюнча баңгизатка көз карандылыктан дарыланууну улантуу, коомдук жумуш жана айып салынган.

Ал баңгизаттын таасири астында полицияларга каршылык көрсөтүп, бирин чаап, тиштеп алганы үчүнайыпталган.

Айсултан Назарбаев — Казакстандын экс-президентинин уулу кызы Дарига Назарбаева менен маркум Рахат Алиевдин уулу. Ал Сандхерстеги аскердик академиясын аяктап, Казакстандын Коргоо министрлигинин чалгындоо башкармалыгынын башкы штабына кабыл алынган. 2017-жылы ал Казакстандын футбол федерациясында эмгектенген.

Буга чейин 2018-жылы Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун биринчи небереси дагы Улуу Британиядан башпаанек сурган.

Количество просмотров: 349