• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

«Next TVнын» жетекчиси Дүйшембиевге өкүм чыгаары күтүлүүдө. Ал эмнеге айыпталып жатат?

21 Аяк оона 2022 10:19 Бишкек Govori.TV

9-сентябрга белгиленген «Next TVнын» жетекчиси Таалай Дүйшембиевдин ишин кароочу соттук отурум 21-сентябрга жылдырылган. Соттук кароо Бишкектин Биринчи май райондук сотунда болмок, анда териштирүүдө Дүйшембиевге сөз берилип, өкүм чыгары күтүлүп жаткан.

Белгилей кетсек, 5-сентябрдагы соттук жараянда мамлекеттик айыптоочу аны жети жылга эркинен ажыратууну сураган.

Улуттук коопсуздук комитети март айында аталган телеканалга каршы «улут аралык кастыкты козуткан» деген айып менен иш козгоп, директорун камакка алган. Тергөө телеканал Украинадагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстан Орусияга жардам бере турган жөнүндө такталбаган маалыматты жарыялаган деп эсептейт.

Медиа коомчулук телеканалдын имараты жабылып, жетекчисинин камалышын сөз эркиндигине кысым деп бааласа, президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жалган маалыматтарды таратууда этияттыкты сактоо жана эрежелерди сактоо керектигин билдирген.

Телеканалдын адвокаты Акмат Алагушев Казакстандын атайын кызматынын мурдагы башчысына шилтеме кылуу менен маалымат тараткан баракчанын NEXT TV телеканалына юридикалык тиешеси жок экенин билдирүүдө.

Ал эми Дүйшембиевдин жактоочусу Тимур Султанов иште анын күнөөсү далилденген жок. Анын айтымында көз карандысыз эксперттин корутундусунда да бул басылмада улуттар аралык кастыкты козутууну көрсөткөн маалымат жок деп жазылган.

«Иште анын күнөөсүн тастыктай турган эч кандай далил жок, факты жок, чындыгында эч кандай кылмыш жок. Аны улуттар аралык кастыкты козуткан деп айыптап жатканы жалпысынан абсурд», — дейт Султанов.

Таалай Дүйшембиев өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, козголгон кылмыш ишин жана сот чечимин “саясий буйрук” деп атап келет.

«Мага жана телеканалга козголгон кылмыш ишти сөз эркиндигине басым катары кабыл алам. Мен бул жакта сөз эркиндиги үчүн олтурам», — деген ал.

Белгилей кетсек, Next TV телеканалынын ээси — саясатчы Равшан Жээнбеков. Ал өткөн жылдын декабрь айында бир жылдан ашык тергөө абагында отургандан кийин мыйзам талабы боюнча бошотулган. Саясатчы телеканалга козголгон кылмыш ишин өзүнө карата жүрүп жаткан басымдын уландысы деп атады.

Количество просмотров: 152